Бишкекте «Кыргызстандын көркөм өнөрү этно-маданий мейкиндикте» аттуу көргөзмө өттү
Бишкектеги Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде 13-ноябрда «Кыргызстандын көркөм өнөрү этно-маданий мейкиндикте» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция жана көргөзмө болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Конференциянын ачылышына маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов катышып, катышуучуларды жана меймандарды куттуктады.
Ал өз сөзүндө кыргыз элинин бай маданий мурасы улуттук өзгөчөлүктүн негизин түзөрүн белгилеп, мындай эл аралык форматтагы жыйындар адистердин жана окумуштуулардын чыгармачыл кызматташтыгын чыңдоого өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Жыйындын негизги максаты — Кыргызстандын көркөм өнөрүнүн азыркы абалын талдоо, этно-маданий баалуулуктарды жана улуттук өзгөчөлүктү сактоодо искусствонун ордун изилдөө, ошондой эле эл аралык чыгармачыл кызматташууну өнүктүрүү болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрүнүн, скульпторлорунун, кол өнөрчүлөрүнүн эмгектери коюлган көргөзмө уюштурулуп, көрүүчүлөр улуттук искусствонун ар түрдүү багыттары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.
Конференцияга Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттеринен келген адистер, окумуштуулар жана чыгармачыл ишмерлер катышып, өз баяндамалары менен бөлүшүштү. Алар көркөм өнөр тармагындагы заманбап тенденциялар, этностук идентификация, маданий мурастын сакталышы жана өнөр аркылуу эл аралык диалогду күчөтүү маселелерин талкуулашты.
