Опера жана балет театрынын директорунун жаңы орун басары дайындалды
А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директорунун орун басары болуп Саяк уулу Каныбек дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Саяк уулу Каныбек – искусство жана маданият тармагында 10 жылдан ашык кесиптик тажрыйбасы бар адис.
Ал 1991-жылы 26-мартта Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Кочкор айылында төрөлгөн.
Билими:
- Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы студия – «Элдик ырларды аткаруу» адистиги
- Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети – «Социалдык-маданий ишмердүүлүк (Менеджер)»
Эмгек жолу:
- 2014–2015-жж. – А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры, хор артисти (Бишкек)
- 2015–2017-жж. – М.Мусулманкулов атындагы музыкалык мектеп, вокал мугалими (Кочкор)
- 2017–2018-жж. – Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн алдындагы музыкалык-драмалык театр, актёр (Кочкор)
- 2018–2022-жж. – Ж.Абдыкалыков атындагы маданият үйү, директор (Кочкор)
- 2022–2025-жж. – А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театры, хор артисти (Бишкек).
