Бишкекте жаш акындардын айтышы өттү
Кыргыз улуттук "Манас" театрында жаш акындардын айтыш концерти өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара 8-мартка карата айымдарды даңазалоо, улуттук айтыш өнөрүн жайылтуу жана жаш акындардын чыгармачылыгын колдоо максатында уюштурулду.
Концерттик программада белгилүү акын Мамел Исраилов жаш акындарга ак батасын берип, жакшы каалоо-тилектери менен айтыш кечесин ачып берди. Андан соң жаш акындар өз ара айтышып, көрүүчүлөргө көтөрүңкү маанай тартуулашты.
Айтыш учурунда акындар айымдардын коомдогу орду, энелердин ыйыктыгы, мекенге болгон сүйүү жана жашоонун баалуулуктары тууралуу мазмундуу саптарды аткарып, Айтыш өнөрүнүн көркөмдүгүн жана таасирдүүлүгүн дагы бир жолу көрсөтө алышты.
Иш-чара улуттук маданий мурастарды сактоого жана жаш таланттарды колдоого багытталган маанилүү маданий окуя катары өттү.
