Бишкекте Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун 90 жылдыгына адабий конференция өттү
Бишкекте бүгүн, 18-декабрь улуттук адабияттын залкар өкүлү, Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун 90 жылдыгына арналган илимий-адабий конференция болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, Кыргыз улуттук университетинин ректору Догдурбек Чонтоев, коомдук жана маданий ишмерлер, жазуучулар, окутуучулар жана студенттер катышты.
Конференцияда улуу калемгердин өмүр жолу, чыгармачылык мурасы жана кыргыз адабиятына кошкон зор салымы эскерилди.
Союзбек Надырбеков өз сөзүндө Эрнис Турсуновдун драмалык чыгармалары кыргыз театрларында ийгиликтүү коюлуп келгендиги, ошондой эле дүйнөлүк адабияттын классиктерин кыргыз тилине которууда өзгөчө орду бар экени белгиледи. Ал Пушкин, Шекспир, Данте, Гёте жана башка улуу калемгерлердин чыгармаларын кыргыз окурмандарына жеткирген.
Ошондой эле, улуу акындын бай мурасы кыргыз эли барда унутулбай тургандыгын, анын өмүр жолу келечек муунга үлгү экенин айтты.
Улуттук адабиятка, театр жана маданият тармагына кошкон зор салымы үчүн Эрнис Турсунов «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» жана «Кыргыз Республикасынын эл акыны» ардактуу наамдарына татыган.
