Бишкекте Түрк маданияты жана мурасы фондуна мүчө өлкөлөрдүн министрлер кеңешинин жыйыны өтөт
22 январь

Бишкекте Түрк маданияты жана мурасы фондуна мүчө өлкөлөрдүн министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актоты Раимкулова менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Жолугушууда тараптар түрк дүйнөсүнүн маданиятын, тарыхын жана мурасын сактоо жана жайылтуу багытындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Министр Мирбек Мамбеталиев фонд менен өз ара аракеттенүү жалпы түрк маданий мурасын колдоого жана элдер ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Актоты Раимкулова 2026-жылга карата пландалган биргелешкен долбоорлор менен тааныштырып, кызматташтык үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтты.

Ошондой эле, Бишкек шаарында өтө турган Түрк маданияты жана мурасы фондуна мүчө өлкөлөрдүн министрлер Кеңешинин III жыйынынын күн тартиби жана биргелешкен демилгелер талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маданий мурасты коргоо жаатындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү боюнча макулдашышты.