Петроглифтер – Маданият министрлигинин жаңы жүзү
1 август

Петроглифтер – Маданият министрлигинин жаңы жүзү

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жаңы визуалдык айдентикасынын концепциясы иштелип чыгарылды жана министр Мирбек Мамбеталиевге расмий түрдө сунушталды.

Министр жаңы визуалдык образды жактырганын билдирди. Анын айтымында, сунушталган айдентика улуттук өзгөчөлүктү, кыргыз элинин терең тарыхын жана заманбап муктаждыктарды чагылдырып турат.

Жаңы айдентиканын негизги образы катары байыркы петроглифтер тандалды. Бул таш беттерине түшүрүлгөн сүрөттөр – ата-бабаларыбыздан калган баа жеткис тарыхый мурас. Алар жөн гана көркөм сүрөт эмес, ар бир белгинин артында байыркы кыргыз элинин жашоо-турмушу, үрп-адаты, дүйнө таанымы жана маданияты камтылган.

– Петроглифтер – бул кылымдарды карыткан үндөөсүз баян. Алар улуттук инсандыкты, маданий өзгөчөлүктү жана элдин философиясын камтыйт. Мындай символдор аркылуу министрликтин образын жаңыча сүйлөтүп, ошол эле учурда улуттук баалуулуктарды сактап калуу мүмкүнчүлүгү жаралат, – деп белгиледи министр Мирбек Мамбеталиев.

Визуалдык сторителлингдин күч алган доорунда министрлик петроглифтерди өзүнүн фирмалык стилинин негизги өзөгүнө айлантууну чечти. Бул – тарыхка болгон терең урматтын белгиси гана эмес, заманбап технологиялар аркылуу маданий мурастарды кеңири жайылтуу, дүйнөлүк коомчулук менен универсалдуу символдор аркылуу баарлашуу мүмкүнчүлүгү.

Жаңы визуалдык айдентика министрликтин образын заманбап, таасирдүү жана таанымал кылып, анын негизги миссиясын — кыргыз элинин маданий мурасын сактап, келечек муундарга жеткирүү аракетин так жана терең чагылдырат.