Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл. Сары" тасмасы “ART EXPO” көргөзмөсүндө көрсөтүлдү
14 ноябрь

Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл. Сары" тасмасы “ART EXPO” көргөзмөсүндө көрсөтүлдү

Режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кара. Кызыл. Сары" көркөм тасмасы Ош шаарында өтүп жаткан “ART EXPO” эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында КМШ өлкөлөрүнөн келген катышуучуларга көрсөтүлдү.



Тасманын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

Фильмде килем токуучу Турдугүлдүн тагдыры баяндалат. Сүйүү, үй-бүлөдөгү жоопкерчилик, ошондой эле миграция жана чек ара аймактарындагы жашоо көйгөйлөрү чагылдырылат.

Белгилей кетсек, Актан Арым Кубаттын «Кара. Кызыл. Сары.» толук метраждуу тасмасы Кыргызстандын 2026-жылдагы Оскар сыйлыгына расмий сунушу катары тандалганын өлкөнүн Оскар комитети билдирген.

Белгилүү болгондой, 96-Оскар сыйлыгын тапшыруу аземи 2026-жылдын 8-мартында АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт.