Бишкекте Россия күнүнө арналган майрамдык концерт өтөт
Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында 12-июнда Россия күнүнө арналган майрамдык концерт өтөт. Башталышы саат 18:30.
Бишкектин тургундарына жана конокторуна Кыргызстандын эл артисттери Бакыт Ыбыкеев, Султан Каримов, КРнын эмгек сиңирген артисттери Тилек Найманбаев, Каныкей Раймалиева, Галина Кетова, эл аралык сынактардын лауреаттары Миран Жанарбаев, Розалия Аманбаева, Анастасия Гриб, Сафина Самиева, «Сувенир», «Асса-Пати», «Дружба», «Иверия», «Дустлык», «Шаттык», «Таберик», «Улыбка», «Исламей» ансамблдери өз өнөрлөрүн тартуулашат.
Иш-чараны Анастасия и Дмитрий Балбекинылар алып барат.
Концерт Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Кыргызстан элинин Ассамблеясы, «“Ата-Журт» Карачайлардын эл аралык ассоциациясы» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулууда.
Иш-чарага чакыруу билеттери менен кирүүгө болот. Чакыруу каттарынын саны чектелүү гана, билеттерди Бишкектеги Россия үйүнөн алууга болот. Дареги Эркиндек бульвары, 2/1.
