КМШ өлкөлөрүнүн өнөрпоздорун бириктирген “ART EXPO” Ош шаарында старт алды
Ош шаарында 12-ноярь Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин “ART EXPO” эл аралык көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чара сүрөтчүлөрдү, кол өнөрчүлөрдү, дизайнерлерди, режиссёрлорду жана жаш чыгармачыл адистерин бириктирген ири маданий платформа болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков “Ыйык жана байыркы Ош шаарына — тарыхтын, маданияттын жана ынтымактын борборуна кош келдиңиздер! Бул көргөзмө элдерибиздин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого, чыгармачылык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө жана жаңы идеяларга жол ачууга чоң өбөлгө түзөт. Сиздердин чыгармачылыгыңыздар Кыргызстанда гана эмес, жалпы КМШ мейкиндигинде маданий кызматташуунун жаңы барагын ачат деп ишенем”— деп куттуктоо сөзүндө белгиледи.
Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин, КМШнын Аткаруу комитетинин, Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондунун, “Арт-араба” коомдук фондунун колдоосу менен жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын көмөгү менен уюштурулган.
