Нарын шаардык мэриясы
21 март
Нарында 40 казан сүмөлөк бышырылды
Нарын шаарында 40 казак сүмөлөк бышырылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматта айтылгандай, атайын даярдалган жайда 40 казан сүмөлөк атайын салтка ылайык жөрөлгөлөрдү аткаруу менен бышырылды.
Сүмөлөк — Нооруз майрамында жасалчу улуттук даам. Ал өндүрүлгөн буудайдан даярдалып, берекенин, молчулуктун жана биримдиктин символу болуп эсептелет.
