президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
21 март
Баткенде сүмөлөк кайнатуу иш-чаралары өтүүдө
Баткен шаарынын борбордук стадионунда сүмөлөк кайнатуу жөрөлгөсү майрамдык маданий иш-чаралар менен коштолууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Иш0хчарага КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков, КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер барып, сүмөлөк аралаштыруу менен эл, жерибизге жакшылыктарды каалашты.
Сүмөлөк 21-мартта Нооруз майрамында жергиликтүү жетекчилердин жана апалардын катышуусунда ачылып, калың эл ооз тийет.
Сүмөлөк — Нооруз майрамында жасалчу улуттук даам. Ал өндүрүлгөн буудайдан даярдалып, берекенин, молчулуктун жана биримдиктин символу болуп эсептелет.
