Имарат жараксыз абалда. Опера жана балет театрынын көркөм устаканасы жаңыланат
Опера жана балет театрынын карамагындагы көркөм устакананын имараты учурда жараксыз абалда.
Маданият министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, имараттын эскилиги жетип, эксплуатациялык талаптарга жооп бербейт жана пайдаланууга шарттар туура келбейт.
Курулуш министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун эксперттик корутундусуна ылайык, имарат жер титирөөгө туруштук бере албайт.
Мындан улам көркөм устакананын ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз улантуу жана шарттарын жакшыртуу максатында, эски имараттын ордуна шаар аймагынан башка жер тилкеси бөлүнүп, жаңы имаратты куруу иштери пландалууда.
Ал эми учурдагы эски имарат Финансы министрлигинин балансына өткөрүлүп берилет.
