Бишкекте Уркуя Салиевага арналган көргөзмө ачылды
Маданият министрлиги
9 март

Бишкекте Уркуя Салиевага арналган көргөзмө ачылды

Бишкектеги М.В. Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинде 6-мартта «Уркуя Салиева - кайраттуулуктун жана эркиндиктин символу» аттуу көргөзмө ачылды. Бул тууралуу Маданият министрлиги кабарлайт.

Көргөзмө Кыргызстандагы социалдык өзгөрүүлөр доорунун көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон Уркуя Салиеванын өмүрүнө жана эрдигине арналган.

Экспозицияда анын өмүр баяны, коомдук ишмердүүлүгү жана 1920–1930-жылдардагы тарыхый доор чагылдырылат. Архивдик сүрөттөр, документтер жана «Отко таазим» көркөм тасмасы аркылуу коомдун жаңылануусу жана аялдардын тең укуктуулугу үчүн күрөшкөн аялдын образы ачылып берилет.

Көргөзмө тарыхый эстутумду сактоого жана кыргыз коомунун өнүгүшүндөгү аялдардын ролун терең түшүнүүгө багытталган.

Көргөзмө 8-март – Эл аралык аялдар күнүнө карата уюштурулган.

Көргөзмө 20-мартка чейин уланат.