Жусуп Мамайдын небереси Тургуналы Турсуналы "Манас" улуттук академиясына барды
"Манас" улуттук академиясы
14 июль

Жусуп Мамайдын небереси Тургуналы Турсуналы "Манас" улуттук академиясына барды

Залкар манасчы Жусуп Мамайдын небереси, жаш манасчы Тургуналы Турсуналы жана анын өнөктөшү Лю Чжэн расмий иш сапары менен “Манас” улуттук академиясына келишти. 

Аталган академиядан кабарлашкандай, конокторду “Манас” улуттук академиясынын вице-президенти Кыргыйбек Молдожунусов тосуп алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тургуналы Турсуналы учурда Кытай Эл Республикасынын борбору Бээжин шаарында докторантуралык окуусун аяктаганын айтып, белгилүү манас таануучу Ху Чженхуа менен биргеликте “Манас” эпосун дүйнөлүк деңгээлде жайылтууга багытталган жаңы долбоорду ишке ашырып жатышканын маалымдады.

Анын айтымында, демилгенин негизги максаты – улуу эпосту сактоо, санариптештирүү жана жаңы технологиялар аркылуу кеңири аудиторияга жеткирүү болуп саналат.

Ал эми долбоордун өкүлү Лю Чжэн жолугушууда “Манас” эпосунун негизинде даярдалып жаткан анимациялык тасмалардын, комикстердин жана башка заманбап чыгармачыл иштердин алгачкы үлгүлөрүн тааныштырды. Бул эмгектер жаш муундун кызыгуусун арттырып, эпосту жаңы форматта жайылтууга өбөлгө түзөрү белгиленди.

“Манас” улуттук академиясы конокторду жылуу кабыл алып, “Манас” эпосунун классикалык варианттарын санариптештирүү, илимий изилдөө жана эл аралык деңгээлде популярдаштыруу багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданий мурас катары баалуулугун кеңири таанытуу, аны жаңы технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү аркылуу келечек муундарга жеткирүү боюнча кызматташууну мындан ары да улантуу ниеттерин билдиришти.