Тармактык комитет жаштар саясатын колдоо жана өнүктүрүү тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматын укту
Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети бүгүн, 2-февралдагы жыйында Кыргыз Республикасында жаштар саясатын колдоо жана өнүктүрүү тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматын укту.
Маалымат менен маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев тааныштырды.
Талкуунун жүрүшүндө депутат Сеидбек Атамбаев А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын эки кабаттуу имаратын өткөрүп берүү маселесине көңүл буруп, аталган маселени кененирээк карап чыгууга чакырды. Депутат Болот Сагынаев жаштар саясатын өнүктүрүү, республиканын аймактарындагы жаштар борборлорунун саны жана ишмердүүлүгү жаатындагы маселелерге көңүл бурду. Депутат Гүлшаркан Култаева 2026-жылы жаштар саясатын ишке ашыруунун алкагындагы иш-чараларды каржылоо маселелерин тактады. Эл өкүлү жаштар саясатынын концепциясына жаштар ишкердигин өнүктүрүү жана колдоо, экономикалык сабаттуулукту калыптандыруу, ошондой эле жаштардын иш менен камсыз болушуна жана жумушка орношуусуна көмөктөшүү, анын ичинде алардын кесиптик өзүн-өзү ишке ашыруусу жана туруктуу экономикалык активдүүлүгү үчүн шарттарды түзүү сыяктуу маселелерди киргизүүнү сунуштады.
Депутат Салтанат Аманова жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу татаал процесс экенин, ал комплекстүү мамилени жана коомдук турмуштун ар кандай чөйрөсүндөгү иштерди координациялоону талап кыларын белгиледи. Эл өкүлү жаштар саясатын ишке ашыруунун алкагында аймактарда системалуу жана пландуу иштерди жүргүзүүгө жооптуу болгон өзүнчө штаттык бирдикти түзүү мүмкүнчүлүгүн кароого чакырды. Депутат Табылды Муратбеков бүгүнкү күндө жаштардын кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын камтыган, ар кандай тармактагы маселелерди комплекстүү жана натыйжалуу чечүүгө багытталган жаштар саясатын ишке ашыруучу өзүнчө орган түзүү зарылчылыгы бар экенин баса белгиледи.
Комитеттин төрайымы Токтобүбү Ашымбаева Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы тууралуу кеп кылып, балдар адабиятынын авторлорун колдоого жана сыйлоого багытталган номинацияны киргизүүнү сунуштады. Депутат Советбек Рустамбек уулу айылдардагы китепканалардын, анын ичинде республиканын аймактарындагы мектеп китепканаларынын абалы тууралуу маселелерге токтолду.
