Мамлекеттик органдар кыргыз тилинин өнүгүшү боюнча жылына эки жолу отчет беришет
14 июль

Мамлекеттик органдар кыргыз тилинин өнүгүшү боюнча жылына эки жолу отчет беришет

Министрлер кабинети мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча 2026–2028-жылдарга эсептелген программаны бекитти.

Программа менен катар иш-чаралар планы, индикаторлордун матрицасы жана зарыл болгон ресурстук чыгымдардын баалоосу да бекитилди.

Министрликтерге, административдик ведомстволорго, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каралган иш-чараларды белгиленген мөөнөттө аткарууну камсыз кылуу тапшырылды.

Жооптуу мамлекеттик органдар программанын ишке ашырылышы тууралуу маалыматтарды президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга берип турушат. Отчеттор ар бир жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча сунушталат.

Ошол эле учурда 2021–2025-жылдарга карата мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча мурдагы программа күчүн жоготту.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгына жүктөлдү.