Эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаевдин эстелиги орнотулду
Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, белгилүү сценограф жана живописчи Макен Сыдыкбаевдин элесине арналган эстелик бүгүн “Ала-Арча” көрүстөнүндө орнотулду.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов, маданият кызматкерлери, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана маркумдун жакындары катышты.
Макен Сыдыкбаев (1937–2023) – кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө чоң салым кошкон көркөм жетекчи, сахна эстетикасынын жаңы деңгээлин калыптандырган белгилүү сүрөтчү. Анын сахналык иштеринин жана көркөм эмгектеринин басымдуу бөлүгү улуттук театрдын көркөм деңгээлин жогорулатып, кийинки муундардын чыгармачылык өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн.
Орнотулган эстелик – залкар инсандын эл үчүн кылган эмгегине жана кыргыз маданиятына кошкон салымына болгон терең урматтын белгиси. Министрлик устаттын үй-бүлөсүнө жана бул ишке колдоо көрсөткөн адамдарга ыраазычылык билдирди.
Макен Сыдыкбаевдин мурасы кыргыз маданиятынын тарыхында түбөлүк орун ээлейт.
