53 жылдан кийинки жаңылануу: орус драм театры кайра ачылды
Ч. Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театрында имараттын капиталдык ремонту толук аяктап, 1972-жылдан берки эң ири реконструкция болду.
Жаңылоо жумуштарынын алкагында инженердик системаларды модернизациялоо, ички жайларды оңдоо, кичи жана чоң залдарды, вестибюль менен фойени реконструкциялоо, отургучтарды, витраждарды, терезе блокторун жана имараттын чатырын жаңылоо, ошондой эле административдик бөлмөлөрдү оңдоо иштери аткарылды.
Жалпы ремонттук иштердин наркы 320 млн сомду түздү.
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги өлкөдөгү маданий мекемелердин өнүгүшүнө көрсөткөн колдоосу жана көңүл буруусу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине терең ыраазычылык билдирет.
Театр жамааты да түзүлгөн шарттар жана жаңы чыгармачылык доорду баштоого мүмкүнчүлүк берген колдоо үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.
2025-жылдын 6-декабрында театр Чыңгыз Айтматовго арналган спектаклдин премьерасы менен өз эшигин кайрадан ачат.
