Министр Мирбек Мамбеталиев Бишкектеги маданий мекемелерди кыдырды
Маданият министрлиги
9 март

Министр Мирбек Мамбеталиев Бишкектеги маданий мекемелерди кыдырды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев иш сапарынын алкагында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы салынып жаткан окуу имаратынын курулушу менен жеринде таанышты. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Ошондой эле министр М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайына барып, жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин жүрүшүн көрдү.

Мындан тышкары, Мирбек Мамбеталиев А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрына барып, имараттын техникалык абалын текшерди.

Министр маданий жана билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи.