Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча 2026-жылга биргелешкен планга кол коюлду
Маданият министрлиги
9 март

Жаштар саясатын өнүктүрүү боюнча 2026-жылга биргелешкен планга кол коюлду

Жаштар саясатын өнүктүрүү брюнча 2026-жылга биргелешкен планга кол коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 6-мартта маданият министринин орун басары Марат Тагаев БУУнун Кыргызстандагы Калктын жайгашуу фондунун (ЮНФПА) башчысы, БУУнун жаштар боюнча тематикалык тобунун төрагасы Бактыбек Кайназаров менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги жыйынтыгы катары министрлик менен БУУнун Кыргызстандагы тутумунун ортосундагы 2026-жылга карата Биргелешкен иш-планына кол коюлду.

Документ жаштар саясатын өнүктүрүүгө, гендердик теңчиликти камсыздоого жана Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууга багытталган.

Кол коюлган пландын алкагында үстүбүздөгү жылы жаштардын потенциалын жогорулатууга жана социалдык өнөктөштүктү чыңдоого багытталган бир катар стратегиялык иш-чараларды жана долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.