Бишкекте «Үмүт» кинофорумунун жеңүүчүлөрү аныкталды
Маданият министрлиги
9 март

Бишкекте «Үмүт» кинофорумунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Ушул жылдын 4–7-март күндөрү Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн жаш кинематографисттеринин XIII эл аралык «Үмүт» кинофоруму өттү.

Маданият министрлигинен кабарлашкандай, форумдун алкагында 38 фильм көрсөтүлүп, мастер-класстар жана кинодолбоорлордун питчинги уюштурулду.

Жабылуу аземинде эл аралык конкурстун «Эң мыкты фильм» сыйлыгы армениялык режиссёр Лия Карапетяндын «Чайки над Голгофой» тасмасына, ал эми «Эң мыкты режиссёр» сыйлыгы азербайжандык Нурлан Хасанлинин «Ранние чувства» фильминe берилди.

Улуттук конкурста башкы сыйлык Толомуш Жаныбековдун «Балык» тасмасына ыйгарылып, «Эң мыкты режиссёр» наамын Данияр Абиров («Обончу») алды.

Питчингде «Ты и Я» долбоору «Кыргызфильм» киностудиясынын колдоосуна ээ болуп, «Соучастник», «Ультразвук» жана «Жест» долбоорлоруна каржылык колдоо көрсөтүлдү.