Турецкий хору жана "Сопрано" арт-тобу Бишкекте концерт берет
4 июнь

Турецкий хору жана "Сопрано" арт-тобу Бишкекте концерт берет

Бишкекте Турецкий хору жана "Сопрано" арт тобунун катышуусунда «Биримдик ырлары» аттуу чоң концерт өтөт. 

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун 2025-жылдын 4-июнунда саат 19:00дө Ала-Тоо аянтында өтө турган иш-чарага чакырат. Кирүү акысыз.

Жандуу музыкалык иш-чара көрүүчүлөргө профессионалдуу аткарууну жана эл аралык артисттердин кубаттуу энергиясын тартуулайт. Турецкий хору жана «Сопрано» арт-тобу турмуш, тынчтык жана достук жөнүндөгү композицияларды — муундарды жана маданиятты бириктирген ырларды аткарышат.

Концерт Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чаралардын алкагында өтүүдө. Анда биздин элибиздин руханий биримдигин сактоонун маанилүүлүгү баса белгиленет.

Чоң масштабдагы концерт Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү жана Москва өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулууда.