Бишкекте белгилүү хормейстер Болот Малдыбаевдин 90 жылдык мааракеси белгиленди
23 май

Бишкекте белгилүү хормейстер Болот Малдыбаевдин 90 жылдык мааракеси белгиленди

Бишкекте А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын Малахит залында 23-майда Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, “Даңк” орденинин ээси, белгилүү хормейстер Болот Малдыбаевдин 90 жылдык юбилейи белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Маданият министрлигинин кызматкерлери, чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, искусство жана билим берүү тармагындагы ишмерлер, ошондой эле Болот Малдыбаевдин жакындары жана кесиптештери катышты.

Салтанатта хормейстердин эмгек жолу жана жетишкендиктери тууралуу айтылып, улуттук маданиятка жана музыкалык билим берүүгө кошкон салымы белгиленип, куттуктоо сөздөрү айтылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Болот Малдыбаев иштеп чыккан хордук чыгармалар А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери менен хорунун аткаруусунда орун алып, алардын катарында “Ак Шоола” элдик үлгүлүү театрлаштырылган балдар хору да өз өнөрлөрүн тартуулады.

Болотбек Абдыласович Малдыбаев 1934-жылы 18-мартта кыргыз музыкасынын негиздөөчүсү, СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевдин (1906–1978) үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал бала чагынан эле музыка чөйрөсүндө чоңойгон.

Атасынын музыкалык талантын мурастап, Болотбек Малдыбаев өз өмүрүн музыкалык өнөргө жана педагогикалык ишмердүүлүккө арнаган. Ал кыргыз эстрадалык жана хор музыкасынын өнүгүшүнө өз салымын кошкон.

Жаратмандык ишмердиги:

Кыргызстандагы алгачкы джаз ансамблинин негиздөөчүсү жана жетекчиси;

Алгачкы кыргыз эстрадалык жана сатиралык “Мыскыл жана тамаша” долбоорунун түзүүчүсү жана көркөм жетекчиси.

Сыйлыктары жана наамдары:

Бүткүл союздук эл чыгармачылыгы фестивалында 1-орун жана алтын медаль (1977);

В. И. Лениндин 100 жылдыгына арналган “Эмгектеги каармандыгы үчүн” медалы;

“Эмгек ардагери” медалы (1988);

Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери (1995);

“Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси (2010);

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору (2011);

“Өнөр таануу” адистиги боюнча профессор наамы ыйгарылган (2016);

“Даңк” ордени (2021).