Кара-Кулжада заманбап маданий борбор курулат
Ош облусунун Кара-Кулжа районунун борборуна мамлекеттик мекемелердин борборлоштурулган коомдук-маданий кызмат көрсөтүү борбору курулат. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев бүгүн, 23-майда Кара-Кулжа районуна болгон иш сапарынын алкагында долбоор менен таанышып чыкты.
Облус башчысы жеринде курулуш иштеринин сапаттуу жана өз убагында аткарылышын камсыздоо боюнча тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берди.
Жаңы борбор 3 кабаттуу болуп, жергиликтүү тургундар жана райондун коноктору үчүн бардык талаптарга жооп берген шарттарды түзөт.
