Спорт сарайында 10 тилкелүү олимпиадалык бассейн жана ден соолукту чыңдоо комплекси курулат
видеодон алынган кадр
10 сентябрь

Спорт сарайында 10 тилкелүү олимпиадалык бассейн жана ден соолукту чыңдоо комплекси курулат

Спорт сарайынын аймагында объектти масштабдуу реконструкциялоонун алкагында демонтаждоо иштери уланууда.

Эски бассейн толугу менен демонтаждалды. Долбоордо ошондой эле учурдагы дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексин бузуу каралган.

Бошогон аймакка 2 миң көрүүчүгө ылайыкталган трибунасы бар жабык олимпиадалык бассейн жана заманбап көп функционалдуу дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекси курулат.

Жаңы комплекс үч кабаттуу болуп, жалпы аянты болжол менен 10 миң чарчы метрди түзөт. Анда ар кандай багыттагы спорт залдары, волейбол жана баскетбол аянтчалары, мини-футбол залы, ошондой эле көмөкчү бөлмөлөр жайгашат.

Мындан тышкары, комплекстин курамында эки бассейн куруу каралган. Алардын бири машыгуу үчүн болуп, узундугу 50 метр, туурасы 10 метр жана төрт сүзүү тилкесине эсептелет.

Экинчи бассейн олимпиадалык стандартка ылайык курулуп, узундугу 50 метр, туурасы 25 метр болот. Ал 10 сүзүү тилкесине ылайыкталат.

Ошондой эле комплексте фуд-корт жана 163 унаага ылайыкталган жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.