Ысык-Көлдө улуттук “Мурас” ат чабыш турнири өтөт
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 26-июлда Ыссык-Көлдүн Борбордук ат майданында өтө турган улуттук “Мурас” ат чабыш турниринe чакырат.
Бул масштабдуу иш-чара Манас эпосунун духун, Ак-Кула жана Тайтору сыяктуу уламыштуу образдарды, элдин тарыхый эсин, жоокердик күч менен туруктуулукту чагылдырат. Турнир улуттук ат оюндарын, этно маданиятты жана шоу-программаны өзүнө камтыйт.
Программада:
• кызыктуу жана таймаштуу ат чабыштар;
• баатырлардын күч сынашуусу;
• көчмөн элдин тарыхый маданиятын чагылдырган этно-дефилелер;
• кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан концерттик программа.
Иш-чаранын башталышы – 15:30,
Концерттик бөлүк – 18:00дөн баштап.
Концерттин катышуучулары:
• Кыргыз Республикасынын эл артисти Гүлжигит Калыков
• Эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү Омар
• Популярдуу аткаруучулар: Малика-Дина, Ахти, Нурчолпон, Иса Өмүркулов, Ислам Сатаров, Элера Кабылжан кызы, Самат Уланбеков
• Белгилүү этнодизайнер Асель Калканова жетектеген «Аталар Изи» тобунун өзгөчө этно-шоусу.
Иш-чараны алып баруучулар:
• куудул Тынар Курбаналиев
• Гүлназ Каныбек кызы
• 8 тилде эркин сүйлөгөн полиглот, агартуу элчиси IAN MUGALIM.
Кирүү акысыз! Орундар чектелүү.
