КР ЮМ Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын футбол командасы “Наристе-2025” турниринин жеңүүчүсү
11 январь

КР ЮМ Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын футбол командасы “Наристе-2025” турниринин жеңүүчүсү

Бишкек шаарында 2025-жылдын 3-январынан 10-январына чейин салтка айланган футзал боюнча “Наристе-2025” турниринде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматынын командасы үчүнчү жылы катары менен 1-орунду багындырып келет.

Быйыл дагы 1-орунга ээ болуп, чемпион аталды.

«Наристе-2025» КР Маданият, жаштар, дене тарбия жана спорт министрлигинин спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргызстандын Футзал Лигасы тарабынан өткөрүлүүчү расмий турнир болуп саналат. 

Турнир 8 топтун арасында өттү: мамлекеттик органдардын командаларынын арасында (күч түзүмдөрү жана жарандык түзүмдөр өз-өзүнчө) жана 35 жаштан жогору 60 жашка чейинки Кыргызстандын жана чет элдик футбол сүйүүчүлөр арасында  өтөт.

Мелдештин эрежеси боюнча ар бир команда топ ичинде “ар бири менен” айланма системасы боюнча ойноп чыгышты. Бул оюндарда топтогон упайларынын саны менен  ККК командасы финалдык оюнга жетип, акыркы беттеште КР УКМК командасы менен ойноп 7:4 эсеби менен УКМК командасына жеңилди. 

Быйылкы жылдын эң “ысык” беттеши КР ИИМ командасы менен өттү. 

“Наристе-2025” футзал турниринин жыйнытыгы боюнча күч түзүмдөр арасында КР ЮМ ККК 1-орунга, КР УКМК 2-орунга. КР ИИМ 3-орунга ээ болду.