
Аскердик кармашып урушуу боюнча курама Россиядагы эл аралык мелдешке катышууда
Кыргызстандын аскердик кармаш уруш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Москвада өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) кызматкерлери арасында өтүп жаткан эл аралык мелдешке катышууда.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 9-11-октябрь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- 60 кг Бекназар Азаматов;
- 65 кг Өмүрбек Аширбеков;
- 70 кг Азамат Жумаков;
- 75 кг Марлен Женишбек уулу;
- 80 кг Давлет Канатбеков;
- 85 кг Эгемберди Жекшенбек уулу;
- 90 кг Манас Каразаков;
- +90 кг Шерназар Азаматов.
Курама команда башкы машыктыруучу Ниязали Усмановдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.