Маркетинг жана медиа боюнча КФБ жана ӨФА адистери Ташкентте маанилүү оюн алдынды жолугушту
20 март

Маркетинг жана медиа боюнча КФБ жана ӨФА адистери Ташкентте маанилүү оюн алдынды жолугушту

Кыргызстандын жана Өзбекстандын улуттук курама командаларынын ортосундагы маанилүү беттеш алдында Кыргыз футбол биримдигинин жана Өзбекстан футбол ассоциациясынын маркетинг жана медиа боюнча өкүлдөрүнүн иш жолугушуусу өттү.

Жолугушууга АФУнун Башкы катчысы Аваз Максумов да катышып, эки өлкөнүн футбол уюмдарынын ортосундагы диалогдун жогорку деңгээлин баса белгиледи. Жолугушуунун негизги темасы спорттук маркетинг жана футболдук иш-чараларды медиа жактан колдоо боюнча тажрыйба алмашуу болду. Тараптар улуттук курама командаларды илгерилетүү стратегияларын, күйөрмандар менен иш алып барууну, билеттик саясатты, ошондой эле беттештерди жана футболдук окуяларды санариптик жана салттуу медиа каражаттарында натыйжалуу чагылдыруу ыкмаларын талкуулашты.

«Маркетинг жана медиа тармагындагы кызматташтык футболду өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. Бүгүнкү күндө футбол – бул жөн гана талаадагы оюн эмес, ал аудиторияны тартуунун, курама командалардын имиджин түзүүнүн жана жаңы өнөктөштөрдү тартуунун күчтүү куралы болуп калды. Мындай жолугушуулар алдыңкы тажрыйбаларды бөлүшүүгө жана өнүгүүнүн жаңы жолдорун табууга мүмкүнчүлүк берет», – деп белгиледи КФБнын маркетинг боюнча директору Назгүл Орозканова.

Өз кезегинде, ӨФА өкүлдөрү ири футболдук иш-чараларды өткөрүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, улуттук футболго болгон кызыгууну арттыруунун жана аудитория менен натыйжалуу иштешүүнүн жолдорун баяндап беришти. Жолугушуу конструктивдүү маанайда өтүп, эки тараптын тең кесиптик кызматташтыкты бекемдөөгө жана Борбор Азияда футбол индустриясын андан ары өнүктүрүүгө болгон умтулуусун тастыктады. Тараптар келечекте маркетинг жана медиа жаатында биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну улантууну макулдашышты.

Белгилей кетсек, 20-мартта Ташкент шаарындагы «Бунёдкор» стадионунда Кыргызстан-Өзбекстан беттеши өтөт.