Караколдо 5 миң орундуу спорт комплекси курулат
Каракол шаарында 5000 орундуу заманбап спорт комплекси курулат. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев шаар тургундары менен жолугушууда, бир жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берүү учурунда билдирди.
Анын айтымында, спорт комплекси Кашка-Суу кичи районунда курулуп, олимпиадалык стандарттагы бассейн жана мейманкана сыяктуу баардык шарттары менен салынат.
Ошондой эле, жанына 275 орундуу спорт интернаты да курулат. Аталган объект үчүн 5 гектар жер бөлүнүп, спортчулардын өнүгүүсү үчүн бардык шарттар түзүлмөкчү.
