Ош шаарында заманбап спорттук комплекси курулат
Сүрөт ачык булактардан алынды
11 ноябрь

Ош шаарында заманбап спорттук комплекси курулат

Ош шаарында эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап көп функционалдуу “Жаштык Арена” спорттук-оюн-зоок комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу 10-ноябрда Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Кыялымдагы Кыргызстан: Ош-2026” форумунун жабылыш аземинде куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып билдирди.

Долбоорго ылайык, арена Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгында 5 000ден 5 200гө чейин көрүүчүнү кабыл алууга ылайыкташып курулат.

Комплексте муз аянтчасы, хоккей жана күрөш боюнча мелдештерди өткөрүүчү универсалдуу спорттук, концерттик жана маданий иш-чараларга арналган аянтчалар, соода жана тамактануучу жайлары каралган.

“Жаштык Арена” ишке берилгенден кийин Ош шаарында эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерди, концерттерди жана ири маданий иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Курулуш иштерин 2027-жылдын март айында баштап, 2030-жылдын март айында аяктоо болжолдонууда.