Перуда мэрди тыйын ыргытуу аркылуу шайлашты
сүрөт: depositphotos.com
11 ноябрь

Перуда мэрди тыйын ыргытуу аркылуу шайлашты

Перунун Пуно аймагындагы Конима районунун мэрин шайлоодо жеңүүчү тыйын ыргытуу аркылуу аныкталды.

Перу агенттиги Andina маалымдагандай, талапкерлер Рубен Киспе Капаханья менен Саломи́но Мамани Киспе бирдей добуш алышкан. Экөөнү тең 671 шайлоочу колдоп, бул жарактуу добуштардын 27,739 пайызын түзгөн.

Добуштар тең болуп калган учурда Перунун мыйзамдары жеңүүчүнү чүчү кулак аркылуу аныктоого уруксат берет. Тиешелүү жол-жобону Уанкане атайын шайлоо комиссиясы өткөргөн.

Чүчү кулак үчүн номиналы бир соль болгон тыйын колдонулган. Киспенин өкүлдөрү тыйындын «куйрук» тарабын тандап, тыйын ыргытылганда дал ушул тарабы түшкөн. Натыйжада ал шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланган.

Анын атаандашы Саломи́но Мамани мыйзамда каралган жол-жобону кабыл алганын билдирген. Ошол эле учурда мындай учурларда экинчи турдагы шайлоо өткөрүүнү караган эрежелерди өзгөртүүнү сунуштаган.