Баалардын өсүшү дүйнө жүзүндөгү адамдардын башкы көйгөйүнө айланды
сүрөт жасалма интеллекттин жардамы менен жасалды
11 ноябрь

Баалардын өсүшү дүйнө жүзүндөгү адамдардын башкы көйгөйүнө айланды

Жашоо наркынын өсүшү бешинчи жыл катары менен дүйнө жүзүндөгү адамдарды эң көп тынчсыздандырган көйгөй бойдон калууда. Ошол эле учурда Европада социалдык коргоо жана миграция, Африкада жумушсуздук, ал эми Түштүк Америкада жакырчылык жана теңсиздик негизги көйгөйлөрдүн катарына кирет.

Бул тууралуу Euronews басылмасы Future Investment Initiative институту Ipsos эл аралык изилдөө компаниясы менен биргеликте даярдаган FII PRIORITY Compass 2026 изилдөөсүнө таянып жазды.

Кеңири масштабдагы сурамжылоого дүйнөнүн 32 өлкөсүнөн 61 миң 200 чоң киши катышкан. Бул өлкөлөрдө дүйнө калкынын 66 пайызы жашайт.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, сурамжылоого катышкандардын 24 пайызы жашоо наркынын өсүшүн башкы көйгөй деп атаган. Экинчи орунда жакырчылык жана социалдык теңсиздик, ошондой эле жумушсуздук турат. Бул көйгөйлөрдүн ар бирин респонденттердин 12 пайызы белгилеген.

Катышуучулардын 8 пайызын кылмыштуулук, 7 пайызын социалдык коргоо системасынын абалы тынчсыздандырат. Ал эми 6 пайыздан билим берүү, салыктар жана эл аралык чыңалууну негизги көйгөй катары көрсөткөн.

Бирок аймактар боюнча салыштырганда, калктын артыкчылыктары кыйла айырмаланары аныкталган.

Европада жашоо наркынын өсүшүнөн кийинки орундарда социалдык коргоо жана миграция маселелери турат. Мындан тышкары, европалыктарды кылмыштуулук, жакырчылык, теңсиздик жана эл аралык чыңалуу да тынчсыздандырат.

Африкада биринчи орунда жумушсуздук турат. Андан кийинки орундарда жашоонун кымбатташы, жакырчылык, социалдык теңсиздик жана билим берүү көйгөйлөрү бар.

Азиянын тургундары үчүн жашоо наркынын өсүшү, теңсиздик жана жумуш орундарынын жетишсиздиги негизги көйгөйлөргө айланган.

Түндүк Америкада жашоонун кымбатташы жана кылмыштуулук өзгөчө тынчсыздандырса, Түштүк Америкада жакырчылык жана социалдык теңсиздик биринчи орунда турат.

Изилдөөчүлөр ошондой эле Глобалдык Түндүк жана Глобалдык Түштүк өлкөлөрүнүн тургундарынын маанайын салыштырышкан.

Натыйжада, өнүккөн экономикалардагы респонденттердин 30 пайызы жашоо наркынын өсүшүнө тынчсызданарын билдирсе, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө бул көрсөткүч 19 пайызды түзгөн.

Ал эми жумушсуздук маселеси Глобалдык Түштүк өлкөлөрүндө кыйла курч кабыл алынат. Бул көйгөйдү түштүктөгү респонденттердин 17 пайызы белгилесе, түндүктө көрсөткүч 5 пайызды түзгөн. Жакырчылык жана социалдык теңсиздиктен тиешелүүлүгүнө жараша 14 жана 8 пайыз тынчсызданат.

Дүйнөнүн келечегине карата көз карашта да айырмачылыктар байкалган. Глобалдык Түштүктүн тургундарынын 47 пайызы дүйнө туура багытта өнүгүп жатат деп эсептесе, Глобалдык Түндүктө мындай пикирди кармангандар 15 пайызды гана түзгөн.

Ошол эле учурда өз өлкөлөрүнүн өнүгүүсүнө Глобалдык Түндүктүн тургундары оптимисттик көз карашта. Алардын 56 пайызы өлкөсү туура багытта бара жатат деп эсептесе, түштүктө бул көрсөткүч 32 пайызды түзгөн.

Жасалма интеллектке болгон мамиледе да айырмачылыктар аныкталган. Өнүгүп келе жаткан экономикалардагы респонденттердин 52 пайызы жеке жасалма интеллект жардамчысы үчүн акча төлөөгө даяр экенин билдирсе, өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 22 пайызды түзгөн.

Жасалма интеллект менен иштөөнү үйрөнүү үчүн акча төлөөгө Глобалдык Түштүктүн тургундарынын 71 пайызы, ал эми Глобалдык Түндүктүн 39 пайызы даяр. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын басымдуу бөлүгү жасалма интеллектти эл аралык деңгээлде жөнгө салууну колдошот.

Эксперттер экономикалык көйгөйлөрдүн төрөлүү көрсөткүчүнө тийгизген таасирине да көңүл бурушкан.

Сурамжылоого ылайык, Глобалдык Түндүк жана Түштүк өлкөлөрүнүн тургундарынын 57 пайызы жашоонун кымбатташын, карыздарды жана каржылык кыйынчылыктарды көп балалуу болууга тоскоол болгон негизги факторлор деп эсептешет.

Турак жайдын кымбаттыгы да олуттуу тоскоолдук бойдон калууда. Бул көйгөйдү өнүккөн экономикалардын тургундарынын 38 пайызы, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жашоочуларынын 33 пайызы белгилеген.

Жумуштун туруктуу болбошу жана ыңгайсыз иш графиги да үй-бүлө куруу жана бала төрөө пландарына таасир этет. Бул жагдайды эки топтогу өлкөлөрдүн респонденттеринин 31 пайызы көрсөткөн.

Жыйынтыгында, изилдөө жашаган аймагына карабастан, экономикалык белгисиздик калктын маанайына, келечекке болгон көз карашына жана үй-бүлө куруу чечимине таасир эткен негизги факторлордун бири бойдон калып жатканын көрсөттү.