Министрлер кабинети
10 ноябрь
Министрлер кабинетинин төрагасы Түркияга келди
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапары менен Түркия Республикасына келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Анталья шаарында өтүүчү БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын Тараптарынын 31-конференциясына (COP31) катышат.
Атап айтканда, Адылбек Касымалиев Лидерлер саммитинин сессиясынын ачылыш аземине, ошондой эле «Тоо күн тартибин илгерилетүү: мөңгүлөр жана криосфера, температуралык чектен ашуу шартында туруктуулукту чыңдоо, жалпы жоопкерчилик жана туруктуу каржылоо» аттуу жогорку деңгээлдеги иш-чарага катышат.
