Баткен жана Брест облустарынын кызматташтыгы жаңы баскычка чыгат
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
10 ноябрь

Баткен жана Брест облустарынын кызматташтыгы жаңы баскычка чыгат

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков баштаган кыргыз делегациясы Беларусь Республикасында иш сапары менен жүрөт.

Делегация Минск шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына жана Кыргыз-беларусь биринчи аймактар аралык форумуна катышууда.

Делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева да бар.

Иш сапардын алкагында Баткен жана Брест облустарынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына кол коюлду.

Иш сапардын негизги максаты — эки аймактын ортосундагы соода-экономикалык, социалдык жана маданий байланыштарды өнүктүрүү, өз ара кызматташтыкты кеңейтүү болуп саналат.

Беларусь Республикасынын Брест облусуна барган Максатай Каримбердиеваны облустун жетекчилиги салтанаттуу түрдө тосуп алды.

Жолугушуунун алкагында Брест облусунун губернаторунун социалдык маселелер боюнча орун басары Виктор Рафалович жана облустук аткаруу комитетинин экономика комитетинин төрагасынын орун басары Иван Красовский Максатай Каримбердиевага Баранович шаарындагы билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт мекемелеринин ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен жана Брест облусунун ортосунда кызматташуу боюнча келишимге кол коюлган.