Садыр Жапаров президенттикке талапкерлигин көрсөтүү боюнча БШКга арыз берди
Бүгүн, 10-ноябрда, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаров президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө арыз менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына кайрылды.
2026-жылдын 10-ноябрына карата КР БШКга КР президенттигине талапкерлерди көрсөтүү боюнча жалпысынан алты арыз келип түштү.
Кыргыз Республикасынын президентин шайлоодо талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 2026-жылдын 13-ноябрына чейин белгиленген.
