Ташиев: Ала-Арчада жоголгон өспүрүмдү издөө иштерин ӨКМ башчысы жеке өзү жетектеши керек болчу
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы жана мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев Ала-Арча тоолорунда дайынсыз жоголгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдон жардам сураган билдирүү түшкөндөн кийин издөө-куткаруу иштерин өзгөчө кырдаалдар министри жеке өзү жетектеши керек болгонун билдирди.
Бул тууралуу ал издөө-куткаруу кызматтарынын аракеттери боюнча суроого жооп берип жатып айтканын Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, адамдын өмүрүнө коркунуч жаралганы тууралуу маалымат түшкөндө колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды токтоосуз ишке тартуу зарыл.
«Адамдын кырсыкка кабылганы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин министр кырдаал боюнча дароо маалымат алып, тиешелүү кызматтар менен биргеликте ыкчам куткаруу операциясын уюштурушу керек болчу. Жогору жактан буйрук күтпөстөн, өзү да окуя болгон жерге барууга же учуп барууга тийиш эле», – деди Ташиев.
Анын пикиринде, министр издөө-куткаруу иштери толук аяктаганга чейин окуя болгон жерде болуп, куткаруу иштерин жеке өзү жетектеши керек болчу.
Ташиев эгерде Өзгөчө кырдаалдар министри бардык зарыл чараларды көрүп, бирок өспүрүмдү аман алып калуу мүмкүн болбосо, буга жеңүүгө мүмкүн болбогон жагдайлар себеп болушу ыктымалдыгын белгиледи.
«Эгерде ал башкача аракет кылган болсо, анда адам өмүрүн сактап кала албаганы үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Анын үстүнө, жабыркаган адам өзү куткаруу кызматына чалып, жардам сураган», – деди ал.
Ошондой эле Ташиев каза болгон өспүрүмдүн жакындарына көңүл айтты.
Эске салсак, 14 жаштагы Амир 7-ноябрда 112 кызматына чалып, Ала-Арча тоолорунда ылдый түшүп келе жатып адашып кеткенин билдирген. 9-ноябрда куткаруучулар анын сөөгүн Электро чокусунун аймагынан табышкан.
