Майрам Акаева: Биз элге эмне кылдык, кандай жамандык жасадык?..
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева жолдошу бийликте турган маалдагы жасалган реформаларды жогору баалап, бүгүн Кыргызстан ошонун үзүрүн көрүп жатканын билдирди.
Бул тууралуу ал журналист Нурсейит Анаркуловдун “NAKTA PODCAST” YouTube каналына берген маегинде билдирди.
Ал айрым адамдар Аскар Акаевди “парашюттан түшүп президент болуп калган” деген пикир билдиришкенин эске салып, аларга жооп кайтарды.
“Билимин көргүлөрү келишпейт, ЦКАдан өткөнүн айткылары келишпейт саясатчылардын. Аскар Акаевден башка президент болууга ошол убакта эч ким даяр эмес болчу. Келсе да, кимиси экономикалык реформа жасай алат эле, кимиси сомду киргизет эле”, – деди ал.
“Акаев сизден кеңеш сурачу беле?” – деген суроого мурдагы биринчи айым эч убакта бирөөнүн мээсине экинчи бирөө өз идеясын киргизе албайт деп жооп берди.
“Ломоносов сыйлыгын алганда жакын тааныштарымдын бири айтып атпайбы мага: “Бул сенин эмгегиң”, – деп. Мен айттым, мен кантип анын мээсине бул теорияны, моделдештирүүнү киргизе алмак элем деп. Саясат деген эмне. Мен кантип анын башына өз идеямды киргизе алмакмын”.
Андан ары Акаева жолдошу бийликтен күч менен түшүрүлгөн күндү эстеп, айыпты оппозицияга койду.
“Сөз эркиндиги, демократия. Демократия аралчасы. Элге эмне жамандык алып келди, айта аласыңарбы? Биз эмне жамандык кылдык? Эл ошончолук көтөрүлүп төңкөрүш жасагыдай? Мунун баары тең оппозициянын аракети. Элге эч кандай нааразычылыгым жок. Элди көкүтүп алып келишти. Болбогон калптын баарын айтып, жалаа жабышып атып көтөргөн ошолор. Назаралиевдин борборунда эмнелер болгонун, плов жасалып, кантип тамактандырышканын менден жакшы билесиңер. Ал төңкөрүш Аскар Акаевичтин айкөлдүгүн, кечиримдүүлүгүн, кең пейилдүүлүгүн колдонуп туруп, ага каршы иштегендердин жыйынтыгы. Айтышсын, эмне жамандык кылыптырбыз? Биздин үй-бүлө кандай жамандык кылыптыр?”, – деген Майрам Акаева.
Ал Аскар Акаевдин президент катары ишмердүүлүгүнө жогору баа берген.
“Аскар Акаевич жүргүзгөн реформалардын бирин дагы ошол убакта эч ким жүргүзө алмак эмес. Ал реформалардын үзүрүн азыр көрүп жатасыңар, сом долларга тете”, – деген.
