Кыргызстан Өзбекстандын Анжиян шаарында Башкы консулдук ачат
Кыргызстан Өзбекстандын Анжиян шаарында Башкы консулдук мекемесин түзөт. Тиешелүү №373 жарлыкка президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 6-ноябрында кол койду.
Жаңы консулдук мекеменин консулдук округуна Өзбекстандын Анжиян, Фергана жана Наманган облустары кирет.
Документте белгиленгендей, Башкы консулдук Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, консулдук тейлөөнүн сапатын жакшыртуу, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана маданий кызматташтыкты кеңейтүү максатында түзүлөт.
Министрлер кабинетине Башкы консулдуктун ишин уюштуруучулук жана каржылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү, ошондой эле өз чечимдерин жарлыкка ылайык келтирүү тапшырылды.
Жарлык расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
