«Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө» мыйзам долбоору жактырылды
Бүгүн, 10-октябрдагы Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген «Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоору кампалык каржылоо механизмин өркүндөтүү, кампа күбөлүктөрүнүн жүгүртүлүшүн санариптештирүү, уюшкан товардык рынокторду өнүктүрүү жана ишкер субъекттердин финансылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында иштелип чыккан.
Талкуу учурунда депутат Гүлшаркан Култаева мыйзам долбоорун колдоп, анын кабыл алынышы айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн билдирип, дыйкандар жыл сайын өз продукциясын сактоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам чыгымга учурап жатканын жүйө келтирди. Ал эми эл өкүлү Азамжан Жалилов кампа күбөлүктөрүн берүү тартибине жана камсыздандыруу механизмдерин киргизүүгө кызыкса, депутат Илимбек Кубанычбеков кампалардын ээлеринин продукцияны сактоо үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылуу боюнча жоопкерчилигине байланыштуу маселени көтөрдү. Депутат Айсаракан Абдибаева айыл чарба өндүрүүчүлөрү товардык кампаларды пайдалануудагы чыгымдарга көңүл буруп, дыйкандар көп учурда чыгымга учурап, ал эми негизги пайданы ортомчулар, алып-сатарлар көрүп жатканын белгиледи. Баяндамачылар кампал кызматтарын пайдалануу ыктыярдуу негизде жүргүзүлөрүн билдиришти. Депутат Уланбек Жаанбаев айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн арасында товардык кампаларды пайдалануунун мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары тууралуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө чакырды.
