Ош жана Гомель шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелер орнотулду
Ош мэриясы
10 ноябрь

Ош жана Гомель шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелер орнотулду

Ош шаары менен Гомель шаарынын ортосунда боордоштук мамилелерди орнотуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. 

Ош мэриясынан кабарлашкандай, документке Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын I Аймактар аралык форумунун алкагында кол коюлган.

Маанилүү документке Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова жана Гомель шаардык аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары Константин Исаченко кол коюшту.

Түзүлгөн меморандум эки шаардын ортосунда төмөнкү багыттар боюнча өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүнү көздөйт:

  • соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу;
  • маданий-гуманитардык байланыштар;
  • билим берүү, туризм жана башка маанилүү тармактар.

Боордоштук мамилелердин орнотулушу муниципалитеттер аралык өнөктөштүктү чыңдоо, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу, ишкердик байланыштарды өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу багытында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.