FIFA президенти Жанни Инфантино Өзбекстанга келди
8 сентябрь

FIFA президенти Жанни Инфантино Өзбекстанга келди

Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино Өзбекстанга иш сапары менен келди. 

Өлкөнүн Футбол ассоциациясынан кабарлашкандай, аэропорттон делегацияны Өзбекстандын спорт министри Адхам Икрамов, Азия Олимпиада кеңешинин вице-президенти Отабек Умаров, АФУнун биринчи вице-президенти Равшан Эрматов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Сапардын программасында футболду өнүктүрүү боюнча жолугушуулар, Улуттук футбол борбору менен таанышуу, ошондой эле Ташкент стадионунда өтүүчү CAFA Nations Cup 2025 турниринин финалына баруу камтылган.