Сумо боюнча жаштар жана чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт
12 май

Сумо боюнча жаштар жана чоңдор арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бишкекте Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда  13-майда жаштар жана чоңдор арасында сумо боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирет.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашат:

  • Кыздар: 50, 60, 65, 73, 80, +80 кг;
  • Балдар: 50, 60, 70, 80, 100, +100 кг;
  • Кыз-келиндер: 55, 65, 73, 80, +80 кг
  • Эркектер: 70, 77, 85, 100, 115, +115 кг,