Балыкчы шаарында англис тилин үйрөтүүчү борбор ачылды 
21 январь

Балыкчы шаарында англис тилин үйрөтүүчү борбор ачылды 

Балыкчы шаарында англис тилин үйрөтүүчү борбор ачылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, балыкчылык ишкер ааталган борборду ачуу максатында фондго долбоор жазып кайрылган.

Долбоор Байкоочу кеңеш тарабынан жактырылып, 2 млн. сом пайызсыз насыя бөлүнүп берилген.

Бул каражатка ишкер жеңил конструкциядан имарат куруп, керектөөчү жабдыктарды жана окуу куралдарын сатып алган.

Учурда билим берүү борбору толук кандуу иш алып барып, окуучуларга жана студенттерге тил үйрөтүүдө.

Ишкердин айтымында, англис тилин билүү азыркы замандын талабы жана жумуш табууда чон женилдиктер менен артыкчылыктарды камсыздамакчы.