Бишкекте үй тибиндеги жаңы бала бакчалар ачылды
Бишкек шаарынын райондорунда үй тибиндеги бала бакчалар ачылды, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.
Билдирүүгө ылайык, Биринчи май районунда эки бала бакчанын ачылышына арналган салтанаттуу иш- чара өткөрүлдү. Салтанатка акимдин орун басары Айнура Арстамбекова катышты.
Программа мектепке чейинки билим берүүдөгү тоскоолдуктарды азайтууга жана балдарды мектепке чейинки кабыл алууну көбөйтүүгө багытталган.
Иш-чаранын катышуучулары балдардын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн бул долбоордун маанилүүлүгүн белгилешти.
2024-жылдын сентябрь айында Октябрь районунда үч жаңы бала бакча ачылды:
* 4-кичи району, №46 дарегинде «Нур» бала бакчасы;
* Мехлесхоз көчөсү, 1-8 дарегинде «Бала Ленд» бала бакчасы;
* Көк Жар конушу, Керемет көчөсү, 85 дарегинде «Wonderland» бала бакчасы.
Аталган бала бакчалардын салтанаттуу ачылышы райондук администрациянын, МАБдын кызматкерлеринин, ошондой эле ата-энелердин катышуусу менен өткөрүлдү.
Свердлов районунда Аул көчөсү, 4 дарегинде «Сүйкүм» атындагы үй тибиндеги жаңы бала бакча ачылды.
Бала бакчаларда балдар үчүн бардык шарттар түзүлүп, алардын ачылышы айымдарга жаңы жумуш орундары менен камсыз кылууда.
Бала бакчалардын ачылышына арналган бардык иш-чаралар майрамдык шоу-программалар менен коштолду.
Белгилей кетсек, аталган балдар бакчасы "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында ачылды. Бул программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тарабынан мектепке чейинки билим берүүнү жакшыртууга багытталган.