Жалал-Абаддагы Э.Алиев мектебине кошумча корпус салынууда
Ноокен районунун Кыргызстан айылында Э.Алиев атындагы мектепке кошумча корпус курулууда. Бул тууралуу Курулугш министрлигинен кабарлашты.
Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, долбоордун жалпы наркы 90,6 миллион сомду түзөт.
Башкы план боюнча кошумча корпус 150 орунга ылайыкталган. Мектепте заманбап окуу класстары, жыйындар залы, компьютердик класс, спорт зал, дарыгердин бөлмөсү, ашкана, ошондой эле балдар жана кыздар үчүн атайын эмгек класстары каралган.
Курулуш-монтаждоо иштери “Араван-Ремстрой” ЖЧКсы тарабынан аткарылууда. Учурда курулуш иштеринин 75 пайызы бүткөрүлдү.
Кошумча корпус пайдаланууга берилгенден кийин 300 окуучунун билим алуусуна шарт түзүлөт.
