Илим министрлиги дипломдорду санарип форматка өткөрүү боюнча жаңы кызматты ишке киргизүүдө
13 ноябрь

Илим министрлиги дипломдорду санарип форматка өткөрүү боюнча жаңы кызматты ишке киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги «Түндүк» ачык акционердик коому менен биргеликте жаңы санариптик кызматты ишке киргизип жаткандыгын маалымдайт.

Сервис 2025-жылга чейин диплом алган бүтүрүүчүлөргө арналган. Ар бир жаран өзүнүн дипломун онлайн түрүндө расмий сайт аркылуу санарип форматка өткөрө алат.

Кантип иштейт:

1. Бүтүрүүчү сайтка кирип, «Дипломдордун реестри» бөлүмүндө анкетаны толтурат.
2. Системага кирүү Жалпы идентификациялоо системасы (ЖИС) аркылуу жүргүзүлөт – QR-код аркылуу «Түндүк» мамлекеттик порталынын мобилдик тиркемеси колдонулат.
3. Дипломдун сканерленген көчүрмөсү жүктөлөт жана негизги маалыматтар – адистиги, баалары, бүткөн жылы жана башка маалыматтар киргизилет.
4. Тийиштүү жогорку окуу жай маалыматтын тууралыгын текшерип, тастыктайт.
5. Верификациядан кийин диплом тууралуу маалымат мамлекеттик санариптик реестрге киргизилет.

Сервистин артыкчылыктары:

• Ыңгайлуулук: дипломго каалаган убакта жана каалаган жерден онлайн жетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.
• Ишенимдүүлүк: маалымат мамлекеттик системада коопсуз сакталат.
• Иш жүзүндөгү пайдалуулук: жумушка орношууда, мамлекеттик кызматтарды пайдаланууда жана билимди чет өлкөдө тастыктоодо жеңилдик жаратат;
• Дипломдордун аныктыгын камсыз кылуу жана алардын жасалмалоосунун алдын алуу.

Расмий ишке киргизүү жана платформаны колдонуу боюнча толук көрсөтмөлөр жакынкы убакта Министрлик тарабынан жарыяланат.