Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы Азиянын эң мыкты университеттеринин катарына кирди - тизме
7 ноябрь

Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы Азиянын эң мыкты университеттеринин катарына кирди - тизме

2025-жылдагы Азиянын эң мыкты университеттеринин жаңы рейтинги (QS ASIA UNIVERSITY RANKINGS 2025) жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет. 

Рейтингде Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайы татыктуу орундарды ээледи:

  • Кыргыз-Түрк “Манас” университети (230-орун);
  • Ош мамлекеттик университети (260-орун);
  • Борбор Азиядагы Америка университети (260-орун);
  • Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия-Славян университети (333-орун);
  • Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (381-орун);
  • Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (381-орун);

“Бул жыйынтык – биздин өлкө үчүн рекорд жана акыркы 2-3 жылда өлкө жетекчилигинин колдоосу менен кесиптик жогорку билим берүү багытында жасалган жумуштардын жыйынтыгы”, – дейт билим берүү министринин орун басары Абазбек уулу Расул.