Баткенде 500 орундуу Жаңы-Жер орто мектеби курулууда
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Жаңы-Жер айылындагы Жаңы-Жер орто мектебинин курулушу жүрүүдө.
Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, курулушка республикалык бюджеттин эсебинен 164 млн 703 миң сом каржыланган.
Учурда курулуш иштери 55% аяктаган. 2025-жылдын декабрына бүткөрүү пландалган.
Типтүү мектепте окуу үчүн барык шарттар түзүлөт.
