
Алай районунда 150 орундуу мектеп ачылды
Ош облусуна караштуу Алай районунун Сары-Таш айылында бүгүн Т.Эсенов атындагы мектептин ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.
Билим уясы 150 орунга ылайыкташкан. Жалпы аянты 956 чарчы метрди түзөт.
Мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.
Долбоор боюнча Г формасында 3 блоктон турган, эки кабаттуу окуу корпус, китепкана, жыйындар зал, медициналык бөлмө, ашкана, өтмө галерея жана спорттук зал каралган.
Мектептин курулушунун наркы 87 млн сомду түзөт.